Жең ичинен бүткөрчү иши үчүн пара катары автоунаа алды деп шектелген Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси кармалды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан маалыматка ылайык, Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал жер тилкесин каттоо үчүн шектүү «ВАЗ» унаасын пара катары алып, жерди каттабай же автоунааны да артка кайтарбай койгонун айтып, чара көрүүнү суранган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин «пара алуу» беренеси менен катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси автоунааны алганы аныкталган. Ага пара катары берилген унаа атайын токтотуучу жайга киргизилген. (BTo)