«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, туристтик сезон аяктагандыгына байланыштуу, 8-сентябрда «Бишкек - Балыкчы - Бишкек» поезд каттамы токтотулду.
Бул багыттагы каттам быйыл 14-июндан тартып, жайкы эс алуу сезонуна карата каттай баштаган. Быйыл «Кыргыз темир жолу» ишканасы аталган багыт боюнча 19 миң 972 адамды ташып жеткирип, тейлөөкызматын көрсөттү. Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп болгон. (BTo)