Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Баткенде 250 комузчу кыргыз күүлөрүн чертти


Баткен шаарында болгон иш-чара. 9-сентябрь, 2019-жыл.
Баткен шаарында болгон иш-чара. 9-сентябрь, 2019-жыл.

Баткен шаарында 9-сентябрь - Комуз күнү жана Мамлекеттик тилдин кабыл алынганынын 30 жылдык урматына карата, облустун аймактарынан чогулган 250 комузчу белгилүү кыргыз күүлөрүн чертип, даңазалашты. Ошондой эле комузду, кыргыз тилин даңктаган чакырыктарды айтып, миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыгышты.

Маалыматка караганда, Баткенде билим берүү мекемелерине комуз сабагын киргизүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул багытта Лейлек району сегиз жылдан бери «Устат-шакирт» чыгармачылык борбору менен кызматташып, комуз ойноону өздөштүргөн окуучулардын саны өскөн.

Учурда жүздөгөн комузчулар тарбияланып, аймактагы майрамдык, маданий иш-чараларга катышып турушат. Ушул багытта иш алып барган мектептерге комуздар да таркатылган.

Бүгүн Кыргызстанда Комуз күнү биринчи ирет белгиленүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл июлда кол койгон жарлыкка ылайык, «9-сентябрь - Кыргызстанда Комуз күнү» - деп белгиленген. (JsA)

XS
SM
MD
LG