Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

«Tengri Music» фестивалы эски аянтта өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

«Tengri Music» фестивалы 14-сентябрда кечинде Бишкектеги Эски аянтта өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар «Азаттыкка» кабарлашты.

Классикалык музыкага арналган фестиваль буга чейин жылына Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында, ачык асман алдында өтүп келген.

Фестивалга Москва мамлекеттик симфониялык оркестри жана башка орусиялык талант ээлери катышат. Концерт Бишкектеги Москва күндөрүнүн алкагында Москва өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда.

Быйыл мурдагылардар айырмаланып, музыка сүйүүчүлөр фестивалды акы төлөп көрөт. Вип-аймак - 1000 сом, балдарга 300 сом. Андан тышкары концерттин фан-аймагында акысыз көрсө болот.

XS
SM
MD
LG