Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

АКШ менен Орусия терроризмге каршы күрөштү талкуулайт


АКШ менен Орусиянын мамлекеттик туулары.
АКШ менен Орусиянын мамлекеттик туулары.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Салливан менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов 9-сентябрда Венада жолугуп, терроризмге каршы күрөш боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрөт.

- Салливан Сыромолотов менен маалымат алмашуу, Бириккен Улуттар Уюмунда террорчулардын тизмесин аныктоо, чет элдик согушкерлер, терроризмди каржылоо, авиациялык коопсуздук жана эл аралык терроризм коркунучу жана башка актуалдуу темаларды талкуулайт - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Ал эми Сыромолотов жогорудагылардан тышкары “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Ооганстандагы иш-аракеттери талкуулана турганын билдирди.

Анын мамлекеттик ТАСС агенттигине айтканына караганда, терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтык - башка тармактардагы мамиледе да эки тараптуу ишенимди беемдөөгө жардам берет.

XS
SM
MD
LG