Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Парламент комитети билим берүү министринин кызматына Исаковдун талапкерлигин жактырды


Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Аны комитет мүчөлөрүнө бүгүн, 9-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду аталган кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген.

Кудайбердиева министрликти башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сындар айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG