Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

АКШ менен Түркия Сирияда биргелешкен кайгуул уюштурду


Сирияда Түркия менен бирге кайгуулга катышкан АКШнын аскер кербени. 8-сентябрь, 2019-жыл.
Сирияда Түркия менен бирге кайгуулга катышкан АКШнын аскер кербени. 8-сентябрь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар менен Түркиянын куралдуу күчтөрү 8-сентябрда Сирияда биргелешкен кайгуул операциясын уюштурушту. Түрктөрдүн "Анадолу" агенттиги кабарлагандай, эки өлкөнүн оор техникалары Евфрат дарыясынын батыш тарабында коопсуздук тилкелери түзүлүшү ыктымал аймактарга топтолушту. Кайгуул миссиясы үч саатка жакын созулду.

Вашингтон менен Анкара август айынын башында Сириянын түндүгүндө коопсуздук тилкелерин түзүүгө макулдашкан. Бирок анын майда бараты аныктала элек. Анткен менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде жасаган билдирүүсүндө, бул тилкелер боюнча АКШ менен анын өлкөсүнүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер бар экенин кыйытты.

Анкара 30 чакырымга созулган бул тилке сириялык күрддөрдүн чабуулдарынан сактайт деген ишенимде болуп келет. Буга чейин Эрдоган эгер коопсуздук тилкеси түзүлбөсө, сириялык качкындардын Батышты көздөй агылышына жол ачарын эскерткен.

Түркия Сириядагы жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери 3,6 миллион качкынды кабыл алган.

XS
SM
MD
LG