Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:38

«Республика - Ата Журт»: фракциянын лидерин алмаштыруу тууралуу сөз жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын айрым депутаттары лидер алмашары тууралуу маалыматты төгүндөштү.

Эл өкүлдөрү Руслан Казакбаев, Табылды Тиллаев жана Кенжебек Бокоев «Азаттыкка» мындай сөз фракцияда, партиянын саясий кеңешинде жана депутаттар арасында болбогонун билдиришти.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар фракция лидери Жыргалбек Турускуловдун ордуна Мирлан Жээнчороев келе турганын жазышкан.

Былтыр апрелде аталган фракциянын лидери күтүүсүз алмашып, Турускулов Руслан Казакбаевдин ордуна келген. Фракция мүчөсү Мирлан Жээнчороев Казакбаевге лидерликтен алына турганы айтылбаганын билдирген. Фракциянын айрым мүчөлөрү лидерди алмаштырууга олуттуу саясий себеп болбогонун, депутаттар арасында ротация жүргүзүү максатында гана ушундай чечим кабыл алынганын айтышкан. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG