Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:49

Парламент комитети Кумтөр менен стратегиялык макулдашууну талкуулайт


Кумтөр.
Кумтөр.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кумтөр долбоорунун ишине байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышын талкуулайт.

Мындан сырткары кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосунда кол коюлган «Инвестицияларды өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык макулдашуунун» аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат бере турганы айтылууда.

Кыргыз өкмөтү канадалык «Центерра Голд Инк» ("Centerra Gold Inc.") компаниясы менен стратегиялык келишим акыры күчүнө киргенин 27-августта жарыялаган.

Келишимдин мурдагы таржымалына кайрыла турган болсок документке 2017-жылдын 11-сентябрында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган. Анда эки тараптын милдеттенмелери жазылган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн. доллар каражат келип түшмөк.

Бирок, Исаковдун отставкасынан кийин бийликке келген Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт ал келишимди "өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт" деп баалап, макулдашуунун шарттары боюнча "Центерра" менен жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган. Натыйжада стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү ушуга чейин узартылып келген. Эми​
өкмөт менен "Центерранын" ортосунда кол коюшулган жаңы макулдашууга ылайык, канадалык компания жалпысынан 150 миллион доллар төлөп бермек болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев муну сүйлөшүүдөгү ийгиликтин натыйжасы катары баалаган:

- Бул сумма дароо эле төлөнбөстөн 2026-жылга чейин бөлүк-бөлүк болуп төлөнүп турат. ​Анын ичинде жыл сайын түшө турган жана бир жолу келе турган төлөмдөр бар. "Эң башкысы мурдагы кол коюлган макулдашуу менен азыркы биз жетишкен макулдашуунун алкагында 63 миллион доллар каражатты ашыкча алууга жетиштик. Аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз.

“Центерра” Стратегиялык келишимде айтылган төлөмдөрдөн тышкары өкмөткө жаңы түзүлгөн Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна баш-аягы 10 миллион доллар бөлүүгө макул болду. Ошондой эле бул фондго «Кумтөр Голд Компанинин» дүң кирешесинин 0,4 пайызына тете айлык төлөмдөр берилет. Ал эми Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жылдык төлөм каралган.

Өкмөттүн маалыматында быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан 77 млн. доллардан ашуун каражат алат. Анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна 7 млн. доллар түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG