Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

Чеченстанда ырдоого тыюу салынган ырчы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чеченстанда буга чейин Маданият министрлиги ырдоого тыюу салган алты ырчынын бири Аюб Вахарагов кармалды. «Кавказ. Реалии» басылмасынын маалыматына караганда, ырчы менен анын бир тууганы «тарбия иретинде сүйлөшүү үчүн» кармалган. Бийликтин пикиринде алар тыюу салынганына карабай, «шек жараткан мазмундагы ырларды аткарышкан».

Ушул жылдын июль айында Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааев социалдык тармактарда белгилүү болгон жергиликтүү поп-ырчыларды чакырып, министрликтин уруксаты жок ырдап чыгууга жана концерт берүүгө, ырларын жайылтууга тыюу салган.

Дааев ырчы болгусу келген адам Маданият министрлигине караштуу атайын комиссиянын элегинен өтүшү үчүн алар жактырган репертуары болушу керек экенин кошумчалаган. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен түзүлгөн бул комиссия ырдын сөзү менен обонунун улуттук маданиятка туура келеби же келбейби деп текшерет.

XS
SM
MD
LG