Британияда Ханыша Елизавета II 9-сентябрда, өкмөт Евробиримдиктен келишимсиз жана мыйзам чыгаруучулардын макулдугусуз чыгышына тыюу салган мыйзамга кол койду.
Мыйзам өкмөттү 18-октябрда өтө турган Еврокеңештин жыйынында Евробиримдик менен келишимге жетишүүгө милдеттендирет. «Reuters» маалымдагандай, эгер бул сунушту Брюссел четке какса, Британиянын премьер-министри Брекзит жараянын 2020-жылдын 31-январына жылдырууну өтүнүшү керек.
Башында Британия Евробиримдиктин курамынан 2019-жылы 29-мартта чыгууну пландаган. Бирок шаркеттен чыгуу шарттары бул мөөнөткө карата даяр болгон эмес. Евробиримдиктин апрелде өткөн кезексиз саммитинде уюмдун курамындагы 27 өлкө Лондонго 31-октябрга чейин убакыт берген.
Премьер-министрлик кызматка өткөн айда киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия Еврошаркет менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.
Бул арада Британиянын парламенти октябрдын ортосуна чейин эс алууга кетип жатат. Жонсондун оппоненттери парламент эс алууга кеткен себептерин жашырууда деп шек санап жатышат.
Британ парламентинин Өкүлдөр палатасы эгерде Лондон «катаал Брекзит» планы менен Евробиримдиктен эч келишимсиз чыга турган болсо, кризистик кырдаалдан чыгуунун планын элге жарыялоону талап кылды.