Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:58

Дональд Трамп: Талибдер менен сүйлөшүүлөр биротоло токтоду


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти бул тууралуу 9-сентябрь күнү Ак үйдө журналисттер менен жолугушкан учурунда айтты. Ал эки күн мурун «Твиттердеги» баракчасына талибдер менен жашыруун сүйлөшүүгө барбай турганын жазган болчу.

Трамп мындай чечимди талибдердин Кабулда 12 кишинин өлүмүнө алып келген жардыруусунан кийин кабыл алганын айтты.

«Алар сүйлөшүүлөргө даярданыш үчүн адамдарды өлтүрүш керек деп ойлошту жана 12 адамды өлтүрүштү», - деди Трамп.

АКШ президенти ооган талибдерин Кэмп-Дэвид резиденциясына чакырып, сүйлөшөйүн деген аракети өзүнүн демилгеси болгонун жана аны токтотуп салууну да өзү чечип жатканын баса белгиледи.

Ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Седик Седикки 9-сентябрь күнү CNNге «жакынкы күндөрү АКШ менен «Талибандын» сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Америкага барышы ыктымал экени айтылып жатканын» билдирген.

Талибдер болсо Трамптын чечимин «башкаларга караганда Кошмо Штаттардын өзүнө көбүрөөк зыяны тиет жана дүйнөлүк коомчулук алдында АКШнын аброюн басаңдатат» деп билдиришти.

Ушул тапта Ооганстанда АКШнын 14 миң аскери бар.

XS
SM
MD
LG