Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Осмонбетов ушул күнгө чейин Кумтөрдөн канча алтын казылганын айтты


Эмил Осмонбетов.
Эмил Осмонбетов.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун маалыматына караганда, Кумтөр кени иштетиле баштаган 1997-жылдан 2018-жылга чейин кенден 374,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Андан тышкары быйыл дагы 12 тонна алтын казылып алынган.

- Бүгүнкү күндө борбордук карьерде 77 тонна 595 кг, Сары-Төрдө 16 тонна 614 кг, түштүк-батыш карьеринде 10 тонна 136 кг алтындын запасы бар. Жалпысынан 104 тонна 345 кг алтын бар. Андан тышкары дагы 23 тоннадай алтын бар деген божомол бар. Советтер Союзунда чалгындалгандан кийинки маалыматтар боюнча кенде 716 тонна алтын болгон, - деди Осмонбетов.

Кумтөрдү иштетүү боюнча келишимге канадалык «Камеко» компаниясы менен кыргыз өкмөтү 1992-жылы кол койгондон бери кендин айланасында нааразылык токтой элек.

Алгач «Кумтөр Оперейтинг компани» ишканасы түзүлүп, 1997-жылы алтын өндүрүлө баштаган. Ал учурда бул долбоордогу Кыргызстандын үлүшү 67 пайызды, ал эми «Камеконун» үлүшү 33 пайызды түзгөн.

Бирок 2004-жылы долбоорду кайра түзүү же реструктуризациялоо боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык, «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын жана «Камеконун» бардык акциялары жаңы түзүлгөн «Центерра Голд» компаниясынын ээлигине өткөн. Анда Кыргызстан «Центерра Голддун» 33 пайыздык акциясына гана ээ болгон. Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү азыр 26,6 гана пайызды түзөт.

Бүгүн, 10-сентябрда, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети, Кумтөр долбоорунун ишине байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышын талкуулап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG