Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо алардын кесипкөйлүгүнө гана эмес, адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды.
Бул тууралуу ал 10-сентябрда, Судьяларды тандоо кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алган учурда айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы жолугушууда судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуу керек экенин айтып, Судьяларды тандоо кеңеши өзү ачык иштеп, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгарышы зарыл экенин кошумчалады.
2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин, президенттин кароосуна киргизилген судьялык кызматка талапкер болгон 171 адамдын ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайра кайтарылып берилген. (BTo)