Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Базар-Коргон айыл өкмөтүнө 8-жолу башчынын милдетин аткаруучу дайындалды


Базар-Коргон.
Базар-Коргон.

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев соттук териштирүү бүткөнгө чейин убактылуу жумуштан алынып, анын ордуна Икрам Чолпонов кайрадан үчүнчү ирет айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай буйрукка район акими Айбек Бегимкулов кол койгонун райондук администрация «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы болуп шайланган Чыңгыз Сариевге каршы «бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгган» деген негизде кылмыш иши козголуп, сот иштери жүрүп жаткандыктан ал убактылуу жумуштан четтетилген. Аймакта эки жылдан ашык убакыттан бери туруктуу башчы шайлана элек. Андан бери Гүлипа Сагынбаева 4 айдан эки жолу, Эмилбек Тарыхчиев бир жыл, Икрам Чолпонов жарым жылдан үч жолу жана Теңирберди Жолдошев жарым жылдан эки жолу айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Райондук бийлик соттук териштирүүгө байланыштуу убактылуу башкаруучу дайындоого аргасыз болуп келатканын билдирүүдө.

2017-2018-жылдар аралыгында убактылуу башчы болгон, Мамкаттоонун райондук бөлүмүнүн мурунку башчысы Эмилбек Тарыхчиев «кол алдындагы кызматкерин тапанча менен аткан» деген негизде ушул жылдын июль айында райондук соттун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Теңирберди Жолдошевдин үстүнөн райондук прокуратура «Бийлигинен аша чабуу» беренеси менен иш козгоп, учурда райондук сотто каралууда. Аталган айыл өкмөттө 40 миңдей киши жашайт. Бир жылдык бюджети 60 миллион сомго жетет. (RsK)

XS
SM
MD
LG