Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 23:48

ММК: АКШнын чалгыны орусиялык тыңчыны 2017-жылы чыгарып кеткен


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын маалымат каражаттары өлкөнүн Борбордук чалгын башкармалыгы – (БЧБ) 2017-жылы президент Владимир Путинге байланыштуу жашыруун маалымат берип жүргөн орусиялык жаранды алып чыгып кеткенин жазып чыгышты. Ал Орусиянын 2016-жылкы АКШда өткөн шайлоого кийлигишкени тууралуу да маалыматка ээ болгон деп айтылат.

«New York Times», CNN жана «Washington Post» жазгандай, ал киши АКШнын чалгын кызматтары үчүн өтө баалуу болгон. Анткени ал жарандын Орусиянын коопсуздук пландарын жана башка жашыруун маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Атын атагысы келбеген орусиялык аткаминер «Коммерсант» басылмасына америкалык медиага чыккан маалыматты төгүндөдү. БЧБнын басма сөз катчысы да CNNге сүйлөп жатып тыңчыга байланыштуу маалыматты «чагымчылдык» деп атады. Ак үйдүн өкүлү маалымат туура эмес экенин айтты.

«New York Times» жазган маалыматта тыңчы АКШга 10 жылдап маалымат ташыганын жана алардын негизинде БЧБда Путиндин шайлоого түздөн-түз кийлигишкени көрүнгөнү айтылат. Макалада айтылгандай, БЧБ ал кишини Москвадан 2016-жылы алып чыгууга аракет кылган, бирок ал өзү каршы болгон. «Times» ал кийинки жылдын башында Орусиядан чыгууга макулдугун бергенин жазды.

XS
SM
MD
LG