Би-Би-Синин маалыматына караганда, Ирактын Кербела шаарында Ашура майрамын белгилөө учурундагы тыгында бери дегенде 31 киши каза болду. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик ырастаган. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү жүздөй киши жараат алганын жана каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирген. Тыгын зыяратчы чалынып жыгылгандан кийин башталган.
Ашура күнүндө шиит мусулмандары Мухаммед пайгамбардын 680-жылы киши колдуу болгон небереси Имам Хуссейнди эскеришет. Ал ушул күндөрү Кербелада 13 кылым мурда өлтүрүлгөн деп айтылат. Анын өлүмү исламдагы шиит агымынын жаралышына жол ачкан.
Дүйнөдөгү шииттер үчүн Ашура куугунтукка каршы күрөштүн белгиси катары мүнөздөлүп келет.
Ашура негизинен Иранда, Иракта, Ооганстанда, Азербайжанда, Бахрейнде, Пакистанда, Ливанда, Сирияда жана Сауд Арабиясында майрам катары белгиленет.