Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:39

Кой-Таш окуясы: жамааттык кайрылуу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевди жоопко тартуу боюнча Кой-Таш айылынын тургундарынын жамааттык кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аларга юридикалык баа берилет. Андан тышкары «7-8-августта жөнөкөй адамдар жаракат алган» деген маалыматтарды териштирүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылганы айтылат.

9-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү 1700 киши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылышканын жарыялашкан. Алар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, «Альфа» атайын түзүмүнүн жетекчилерин, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевди жоопко тартып, президент Сооронбай Жээнбековдун иш-аракетине юридикалык баа берип, ага «мамлекеттик кылмыш кылды» деген айып коюуну талап кылышкан.

Ошондой эле Кой-Таш окуясында жаракат алгандардын тизмесин жазышып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармаш үчүн анын үйүнө кирген УКМКнын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону суранышкан.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG