Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Караколдо катуу шамалдан бир нече үйдүн чатыры сынды

Шамал чатырын учуруп кеткен үй.
Шамал чатырын учуруп кеткен үй.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 10-сентябрда болгон шамалдын кесепетинен бир нече турак жайдын чатырлары талкаланды. Бул боюнча шаардын мэриясы жарандык коргоо комиссиясын түзүп, жеринде иштеп жатат.

Мэрдин орун басары Сейит Өскөнбаев кырсыктан Кашка-Суу кичирайонунун жанында тоо жакта жайгашкан Нургазиев, Муктаров көчөлөрүндөгү жана ат майдандын айланасындагы 25тен ашуун жер тамдын, гараждар менен сарайлардын чатырлары талкаланып, автоунаалардын айнектерине урунганын билдирди.

Азырынча шамалдын ылдамдыгын жана кырсыктан талкаланган турак жайлардын санын комиссия териштирип, канча адамдын үйү камсыздандырылганын тактап жатат.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамал 20 үйдүн чатырын учуруп кеткенин жана жабыркагандар жок экенин кабарлаган. (KS/BTo)

XS
SM
MD
LG