Калың жааган кардан улам Суусамыр айылынын Сандык жайлоосунда малы менен калып калган койчулар 10-сентябрда түшүрүлдү. Бул тууралуу Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов билдирди. Жергиликтүү бийлик өз алдынчы бир трактор менен жолду тазалап, баш-аягы 3000ден ашык койду түшүрүшкөн.
Кулматов жайлоодо малчылардын боз үйлөрү калып калганын, аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түшүрүп берерин билдирип, азырынча келе элек экенин айтты.
Ал эми ӨКМ жайлоодогу малчыларды алып келиш үчүн министрликтен Жайыл райондук жети куткаруучу жана Суусамыр айыл аймагынан бир трактор тартылганын билдирген. Бирок айылдык кеңештин төрагасы министрликтин кызматкерлери келбегенин айтып жатат. (BTo)