Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

«Газпром» Европа сотунун «Opal» газ кууру боюнча чечимин талдайт


«Газпром».
«Газпром».

Орусиядагы «Газпром» мамлекеттик компаниясы, «Opal» газ куурунун кубаттуулугун толук колдонуу укугун жокко чыгарып салган Европа сотунун чечими "канчалык деңгээлде юридикалык жана коммерциялык кесепетин тийгизет" деп иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган компания өзү маалымат таратты.

«Opal» «Түндүк агым» аркылуу Орусиядан Борбор жана Батыш Европа мамлекеттерине газ жеткирет. Бул куур аркылуу газ Германиянын Чехияга менен чектешкен жерине чейин барат. Куурдун кубаттуулугу жылына 36 миллиард куб метрди түзөт.

Орусия бир канча жылдан бери бул газ куурунун кубаттуулугунун 50 гана пайызын колдонуп келген. «Газпром» аны толук колдонууга уруксат сураган.

Европа Комиссиясы 2016-жылы Москвага «Opal» газ куурунун дагы 40 пайыз кубаттуулугун пайдалануу боюнча аукционго катышууга уруксат берген. Бирок буга Польша каршы чыгып, Европа сотуна кайрылган. Сот Европа Комиссиясынын чечимин жокко чыгарып, Варшаванын өтүнүчүн канааттандырган.

XS
SM
MD
LG