Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Сот «Альфа Телеком» боюнча айыпталган Алмаз Абековго мунапыс берүүдөн баш тартты


«Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек. Сот учурунда тартылган сүрөт.
«Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек. Сот учурунда тартылган сүрөт.

Чүй облусунун Москва райондук соту «Мегаком» соода маркасы менен таанымал «Альфа Телеком» уюк компаниясынын мурдагы директорунун кеңешчиси Алмаз Абековду мунапыс боюнча бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу Абековдун адвокаты Абаз Мамбетакунов атайын өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Адвокаттын айтымында, сот мунун себебин түшүндүргөн эмес. Райондук сот ишти 9-сентябрда караган.

Мамбетакунов аталган чечим боюнча Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз бергени жатканын айтты. Жактоочу «Мунапыс жөнүндө» мыйзамга ылайык Абеков абактан бошотулушу керек деп эсептейт.

2010-жылдагы апрель окуяларынан соң мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчилерине 2012-жылдын башында кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып коюлган.

Бул иштин алкагында компаниянын мурдагы директору Азамат Мурзалиев 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков 25 жылга, «Новострой» ишканасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек сегиз жылга кесилген. Абеков менен Мурзалиев түрмөдө калып, Аман уулу Кенжебек мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Быйыл жыл башында Кыргызстанда жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу соттолгондордун иши кайра каралып, Абековдун мөөнөтү 25 жылдан 15 жылга, Мурзалиевдин жазасы 12 жылдан 11 жылга кыскарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG