Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Чеченстанда өспүрүмдөр мечит тууралуу жазышканы үчүн жеме угушту


Жеме уккан аталаш бир тууган Исмаиловдор.
Жеме уккан аталаш бир тууган Исмаиловдор.

Чеченстанда «Грозный» мамлекеттик телеканалы, жоон топ адамдар аталаш бир тууган өспүрүмдөр Адам жана Могамед Исмаиловдорду катуу жемелеп жатканы тартылган сюжет көрсөттү. Жемелеп жаткан тарап Акмат Кадыров атындагы полициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командири Замид Чалаев баштаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана аткаминерлер болгон. Алар Исмаиловдорду «социалдык тармактарда «Мусулмандардын сыймыгы» деп аталган мечитти курууда күмөндүү акча колдонулганы тууралуу жазып, эч кандай негизи жок, ачык каралады» деп айыпташууда.

Социалдык тармактарда пикир жазганы үчүн өспүрүмдөр видео камеранын алдында жеме угуп жатканы - «Грозный» телеканалы көрсөткөн биринчи сюжет эмес. Жайында аталган телеканал «Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду жана бийликти сындады» деген 16 жаштагы Магомед Ахматов тууралуу 46 мүнөттүк программа көрсөткөн. Анда өлкөнүн муфтийи Салах Межиев өспүрүмдү урушуп жатканы, Ахматов болсо көзүн жашка толтуруп, ката кетиргенин айтып, кечирим сурап жатканы тартылган.

Чеченстандын Шали шаарындагы «Мусулмандар сыймыгы» мечити өткөн айда ачылган. Анда бул Европа аймагындагы эң чоң мечит экени, бир эле учурда 30 миңге чейин адамды сыйгыза алары айтылган. Мечитке Рамзан Кадыровдун ысымын ыйгарууну сунуш кылгандар да болгон. Аны куруш үчүн ондогон үйлөр түрттүрүлгөн, ал жердеги турак жайларда жашагандар болсо шаар сыртына көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG