Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:17

АКШда террорчуларга санкция салуу жөнөкөйлөштү


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп террорчу катары шек саналган жарандарга санкция салуунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү тууралуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Финансы министрлиги менен АКШнын Мамлекеттик департаменти «террорчуларды колдоду» деген банктарга, уюмдарга ашыкча түйшүгү жок санкция киргизе алат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-сентябрда жаңы эрежелердин башкы максаты - кайсы бир белгилүү теракттарга байланбаган террорчулар менен аларды колдогон уюмдар экенин билдирди. Ошондой эле, ал бул чаралар менен мындан 18 жыл мурун 11-сентябрдагыдай террордук чабуулдардын алдын алуу мүмкүн болорун кошумчалады.

Вашингтон жаңы жарлыкка ылайык, террорчулукка байланыштуу шек саналган ондогон адамдар жана алардын тарапташтары бутага алынарын, АКШнын санкциялык саясаты буга чейин аларды кыйгап өтүп келгенин маалымдады.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG