Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон эс алуу жайы УКМКга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Элдик» ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев билдирди:
- Ушул жылдын май айында пансионатты УКМКга өткөрүп берүү боюнча Мамлекетик мүлк фондунун төрагасынын буйругу чыккан. Бир айдан кийин биз аларга өткөрүп бердик. 2015-жылдан тартып ал жерде жайкысын балдарды жана башка адамдарды эс алдырып турганбыз. Быйыл 200 орундукта балдардын жайкы лагерин уюштурууну пландаганбыз. Бирок кандайдыр бир себептер менен УКМКга берилип кетти.
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы анын бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка коюлуп, кийин соттун чечими менен мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктү башкаруу ошол ишканага берилген.
2018-жылы декабрда Кадыржан Батыров Одесса шаарында көз жумганы, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилгени кабарланган. (RsK\ErN)