Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды


Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Исаковду бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG