Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов баш болгон жетекчилер Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барышты. Бул тууралуу облус жетекчисинин басма сөз кызматы кабарлады.
Эмилбек Алымкулов Кара-Кечеде көмүр казган «Шарбон» , «Акжол», «Кыргыз көмүр» жана «Демилге» ишканалары менен жолугуп, айрымдарына эскертүү да берди. Тендерге катышкан ишканалардын көмүр жеткирүү графигин түзүү, акимдерге жер-жерлерге көмүр сактоочу топ базаларды уюштуруу тапшырылды.
Облус быйыл Кара-Кече жана Турук кенинен 97 миң 620 тонна көмүр алганы турат. Ушул күндө анын 2800 тоннадайы казылган. Учурда облуста 68 көмүр кампасы бар. (TSh)