Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Өмүрбекова Бишкектеги стадионду оңдоого тапшырма берди


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго көчмө жыйын өткөргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү стадионду оңдоп-түздөө, айрым отургучтарды алмаштыруу керек экенин айтышты.

Өмүрбекова тийиштүү тараптарга футбол боюнча алдыдагы оюндарды татыктуу өткөрүш үчүн стадионду даярдоого тапшырма берди.

«Ак шумкарлардын» тандоо оюндарындагы алгачкы беттеши 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтүп, анда кыргыз футболчулары Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.

Кийинки турдун оюндары 10-октябрга белгиленген. Мында Кыргызстан менен Мьянманын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен атаандаш команда катары ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын экинчи баскычы кийинки, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат.

XS
SM
MD
LG