Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Орус абактарында Украинанын 100дөн ашык жараны отурат


Людмила Денисова.
Людмила Денисова.

Украинанын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (Омбудсмен) Людмила Денисова Орусиянын абактарында ушул тапта 113 украин жараны отурганын, алардын басымдуу бөлүгү Крым татарлары экенин билдирди.

Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү аларды бошотуунун жолдорун талкуулап жатканын, ал ушул жылдын аягына чейин ишке ашары ыктымал экенин маалымдады.

Киев менен Москва 7-сентябрда туткундарды алмашкан. Эки өлкө бири-бирине 35тен адамды өткөрүп берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул туткун алмашуу ишинин алгачкы гана этабы экенин айтып, Орусияда, анын ичинде Крымда абактарда отурган жарандарынын баарын алып келүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG