Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:24

Песков: Путин Дуддун Беслан боюнча тасмасын көргөн жок


Журналист Юрий Дудь.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Жыл адамы» сыйлыгын тапшыруу учурунда бийликти сындап сүйлөгөн журналист Юрий Дудь, режиссёр Кирилл Серебренников жана кино сынчы Антон Долиндин сөздөрү боюнча комментарий берди.

- Ар кандай дүйнөбий иш-чаралардын маанисин көбүртүүнүн кереги жок. Алардын жалпы маанайга карата айткандарын чагылдыруу жаңылыштык, - деди Песков.

Ал журналисттердин «Путин Юрий Дуддун 333 кишинин өмүрүн алган Бесландагы теракт жөнүндө тарткан документалдык тасмасын көрдүбү?» деген суроосуна «көргөн жок» деп жооп берди. Ал эми өзү көргөнүн айтып, бирок «Кандай таасир калтырды?» деген суроону жоопсуз калтырды.

2004-жыл сентябрда Дмитрий Песков Владимир Путиндин басма сөз катчысынын биринчи орун басары болуп, ал теракттын учурунда маалымат менен камсыздоо жаатында иштеген. Анда барымтага алынгандардын саны, террористтер менен сүйлөшүү жүргүзүү боюнча жалган маалыматтар кабарланганы айтылып жүрөт.

Жакында эле Москва консерваториясыннын чоң залында GQ журналы түптөгөн «Жыл адамы» сыйлыгынын 17чи жолку тапшыруу аземи өткөн. «Экран жүзү» наамына татыган журналист Юрий Дудь залда отургандарга кайрылып, «Орусияда жөн эле өтүп бараткандарды сабап жатканда, мамлекеттен вагондоп уурдалган акча жана добуш кутуларына топ-тобу менен салынган кагаздар боюнча унчукпай отурбагыла» деген.

Ал эми Кирилл Серебренников «жылдын режиссёру» наамын алып жатып, Орусия менен Украинанын туткун алмашуу боюнча сүйлөшүүсүнө барган, журналист Иван Голуновду камакка алууга каршы тургандарды, аянтта акыйкаттык үчүн күрөшүп жаткан адамдарды «жыл адамы» деп атагысы келгенин билдирген.

«Жылдын автору» наамын алган кино сынчы Антон Долин да туткундарды алмашуу боюнча сүйлөдү. Ал муну «жылдын окуясы» деп атап, залдагыларды Орусияда саясий туткун болбошу керек экенин колдоого чакырды.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG