Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Депутат Карамушкина: БУУ Атамбаевдин камалышына баа берсин


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина эл аралык уюмдарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышына, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасындагы жагдайга жана телеканалдардын мүлкүн тартып алуу жагдайына көңүл буруп, баа берүүгө чакырды. Эл өкүлү мындай пикирин парламенттин 12-сентябрдагы түрдүү маселелер каралган жыйынында билдирди.

- Мен бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кырдаалды курчутууну жана адам укуктарын басмырлоону токтотушун талап кылам. Мыйзамдык талаада гана маселени чечүүгө өтүш керек. Мен ошондой эле саясий партиялар, парламенттик системаны өнүктүрүш үчүн укуктук шарттарды түзүү сыяктуу жыйындарды өткөрүп келген Бириккен Улуттар Уюмун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросун (БДИПЧ) 7-8-августтагы окуяларга, экс-президенттин камакка алынышына, «Апрель» жана «7-канал» телекомпанияларынын жана КСДПнын мүлкүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Окуядан кийин Атамбаев өзү, КСДПнын жана «Апрель» телеканалдарынын мүлкү кошо камакка коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG