Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:10

Текебаев менен Чотоновдун сотунда видео тартууга тыюу салынды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагына чыккан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо башталды.

Судья жараянда видеого тыюу салып, аудио жазууга уруксат берди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп берди. Ал доогерлер Модин менен Маевский Текебаев менен жолукканын айткан иш бөлмө Атамбаевдики болгонун жана бул көрсөтмө жалган экени иш башкармалыктын маалымдамасы менен ырастала турганын билдирди.

Жогорку сот 21-августта Ата Мекен партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Маевский жана дагы бир орусиялык ишкер Алексей Модин, Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште, шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айтышкан. «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын телефон номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Бул жүйө адвокаттар көрсөткөн беш жаңы жагдайдын бири болчу.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG