Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

Орусияда Навальныйдын штабдарынын баары тинтилди


Навальныйдын фондунун 40тан ашык кеңсесинде тинтүү жүрдү.
Навальныйдын фондунун 40тан ашык кеңсесинде тинтүү жүрдү.

Орусияда күч органдары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун аймактардагы штабдарынын баарын - 40тан ашык кеңсесин тинтип чыкты. Бул тууралуу фонддун менеджери Леонид Волков билдирди:

- Тергөө топтору штабдардагы видеокөзөмөл камералары иштебей калсын деп кайсы бир кеңселердин электр энергиясын, интернет-роутерлерин өчүрүштү. Тинтүү штаб кызматкерлеринин катышуусу жок жүрдү.

Мунун алдында Навальный фонду менен «Дождь» телеканалынaн бир миллиард рубль доо өндүрүп берүү тууралуу Москвадагы арбитраждык сотко арыз түшкөн. Аларга каршы жеңил автоунааларды лизингге жана ижарага берип иштеген «Флай-авто» компаниясы даттанган. Анда Москавадагы нааразылык акцияларынын, калайман башаламандыктын айынан чыгашага учураганы тууралуу доомат болгон.

Өткөн айларда Москада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдогон, миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн. Көчөгө чыккандарды полиция кууп тараткан, жүздөгөн адам камакка алынып, ондогон кылмыш жана административдик иштер козгологон.

XS
SM
MD
LG