Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:40

CNBC: Москва «Буревестник» ракетасын бир канча жолу сынаган


«Буревестник» ракетасын кураштыруу.

Орусия 2017-жылдан бери «Буревестник» ракетасын кеминде беш жолу сынаган. Бул тууралуу CNBC телеканалы АКШнын чалгын кызматындагы ишенимдүү булактарына таянып билдирди. Ага ылайык, ракетанын эң узак учушу эки мүнөттөн ашкан, эң кыскасы болсо төрт секунд болгон. «Орусия бул долбоорун ишке ашырууну тездетип, 2025-жылга чейин бүтүрүп, согушка колдонууга даяр кылып койгону жатат», деп айтылат телеканал тараткан маалыматта.

Өткөн айда Архангелск облусундагы аскер полигонунда жарылуу болгондо АКШдагы айрым маалымат каражаттары Пентагонго шилтеме кылуу менен авария «Буревестникти» сыноо маалында болушу мүмкүн деген божомолун жазышкан. Ал кырсыкта полигондун беш кызматкери ажал тапкан.

Орус бийлиги анда жарылуу жаңы өзөктүк кыймылдаткыч сыналып жатканда болгонун кабарлаган. «Буревестник» тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр Федералдык кеңештеги кайрылуусундө сөз кылган.

Орусиянын глобалдык алыстыкка уча турган, континент аралык «Буревестник» аттуу канаттуу ракетасын НАТО уюму «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Алыс аймакка учуп жете турган бул ракета өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG