Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

БУУ: Сирия лагерлеринде балалуу аялдар оор шартта күн көрүп жатышат


Сириядагы өзгөчө тынчсыздануу жараткан «Аль-Хол» лагери.
Сириядагы өзгөчө тынчсыздануу жараткан «Аль-Хол» лагери.

Бириккен Улуттар Уюму 11-сентябрда Сириядагы согуштун кесепети тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда качкындар лагерлеринде «аялдар менен балдар адам чыдагыс шартта» жашап жатканы айтылат. Ошондой эле балдардын көбү 12 жашка чыга элек жана 3,5 миңден ашыгынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

БУУнун 21 барактан турган баяндамасында айрыкча «Аль-Хол» лагерине байланыштуу өзгөчө тынчсыздануу айтылган. Бул жакта жүздөгөн адамдар, айрыкча балдар тамак-ашка, медициналык жардамга жетпей кырылып жатканы белгиленген.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Сирия менен Ирактан кыргызстандык жарандарды алып келүүгө аракет кылып жатканын маалымдаган. Тышкы иштер министрлиги жакында Багдадга барып 70тей кыргызстандык бала алынып келерин билдирген. Мындан тышкары Сириядагы кыргыз жарандарын да алып келүү боюнча өкмөттүк түзүмдөр сүйлөшүп жатканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG