Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:30

Президент Жапониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды


Сооронбай Жээнбеков жана Ёсихиро Ямамура.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Жапониянын элчисине өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кыргыз-жапон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жапон элчиси Ёсихиро Ямамура президентке жылуу кабыл алуусу үчүн ыраызычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын өтөгөн жылдары кыргызстандыктардын жана мамлекеттик бийликтин колдоосун жана жакшы мамилесин сезгенин белгиледи.

Ал өз кызматында аткарган жумушу тууралуу кыскача айтып берип, JICA жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин «Бир айыл - бир азык» долбоору эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана элчи Ёсихиро Ямамура өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык, парламент аралык, дипломатиялык, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG