Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Жогорку сот мигранттардын укуктарын чектеген Трамптын буйругун колдоду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда Жогорку сот 11-сентябрда президент Дональд Трамптын баш калка сурап кайрылган мигранттардын укуктарын кескин чектеген буйругун күчүндө калтырды. Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Биз бараандуу жеңишке жеттик» деп жазды.

Бул буйрукка ылайык, Кошмо Штаттар өз мекенинен чыкканда алгач барган өлкөдөн баш калка сурабай, АКШнын бийлигине кайрылган мигранттардын документтерин кабыл албайт. Маселен, бул Латын Америкасынан чыгып, Мексика аркылуу АКШга кирүүнү каалаган мигранттардын баары алгач Мехикого кайрылышы керек дегенди билдирет.

Жогорку соттун тогуз мүчөсүнүн экөө гана Трамптын позициясына каршылыгын билдирди.

Буга чейин Калифорния аймактык сотунун судьясы Ак үйдүн буйругун Баш мыйзамга туура келбейт деп тапкан эле.

XS
SM
MD
LG