Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Европа сотунда Украина менен Орусиянын өкүлдөрү кайым айтышты


Адам укуктары боюнча Европа соту.
Адам укуктары боюнча Европа соту.

Европа соту 11-сентябрда Украинанын Орусияга каршы доо арызын карады. Анда Киев менен Москвадан келген өкүлдөр кайым айтыша кетти.

2014-жылдын март айында Орусия Крымды аннексиялап алганына байланыштуу Украина Европа сотуна доо арыз менен кайрылган.

Киевдин көз карашында, аннексияга чейин эле, жарым аралда дүйнө коомчулугу тааныбаган референдум өтүп жаткан маалда ал жакта орусиялык аскерлер жайгаштырылган жана алар жергиликтүү элдин укуктарын одоно бузуп турушкан.

Орусия бул дооматтардын баарын такай четке кагып келет. Анын соттогу өкүлү Михаил Гальперин Киевди «эч кандай далилдерди келтире алган жок» деп айыптады. Украинанын өкүлү алардын иликтөөлөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун көз каранды эмес байкоочулары бышыктаганын айтып жооп кайтарды.

Мындан тышкары, Украина Орусияга каршы дагы төрт доо арыз менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG