Орусиянын Тергөө комитети 12-сентябрдагы митингде бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү боюнча кылмыш ишин козгогону мекеменин сайтында жарыяланды.
Тергөөнүн версиясында митингдин катышуучуларынын бири Росгвардиянын аскеринин бетине газ баллон каражаты менен аэрозоль бүркүп жиберген. Ошондон улам күч органынын кызматкеринин көзүнүн чели күйүп калган деп айтылат.
12-сентябрда, Росгвардиянын кызматкерлери Улан-Удэ шаарында бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясына чыккандардын арасынан 15 кишини кармаганын «Новая газета» басылмасы жазган.
Күбөлөрдүн айтымында, түнкү саат экилер чамасында Росгвардиянын аскерлери акциянын катышуучулары отурган автобуска түтүн чыгаруучу шашка ыргытып, качкан адамдарды кармай башташкан. Кармалгандардын арасында аймактык парламенттин депутаты Баир Цыренов да бар. 11-сентябрда сот макулдашылбаган митингге катышканы үчүн аны 15 миң рубль айыпка жыккан. Активист Дмитрий Баиров болсо беш күнгө кесилген.
Бурятиянын борборундагы митинг 9-сентябрда башталган. Демонстранттар шаардын мэрин шайлоо боюнча жыйынтыкты кайра карап чыгууну жана якутиялык бакшы Александр Габышевдин соттолгон эки колдоочусун бошотууну талап кылып жатышат. (TSh)