Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Экс-мэрлердин сотунда Сариев Калыс-Ордо мектебин куруу туура болгонун айтты


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

13-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Анда күбө катары экс-премьер-министр Темир Сариев Кулматов мэр болуп турган учурда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп эпизоду жөнүндө көрсөтмө берди.

Ал экономика министри болуп турганда өзү жетектеген мекеме курулуш боюнча бүтүм даярдаганын айтты. Сариев жаңы конуштарда жагдай оор болгонун, мектеп туура курулганын жана каражат максаттуу пайдаланылганын билдирди.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда. Акыркы жолу Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын караган учурда алардын абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.

Экс-мэрлердин иштерин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Адвокаттардын ишти өз-өзүнчө бөлүп кароо тууралуу бир нече өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. Иш боюнча мурдагы отурум 11-сентябрда болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG