Калың жааган кардан улам Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын, Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунда мал-жандыктары менен калып калышкан сегиз малчы үй-бүлөсү менен чогуу түшүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жалпысынан 800 баш кой, 150 жылкы ылдыйга түштү. Аба ырайы күтүүсүз сууктап кеткенден улам, 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн. Арамза жайлоосунда болжол менен жети малчы дагы эле мал-жандыктары менен калууда. Алар менен учурда байланыш жок.
Мындан сырткары Нарын облусунун Жумгал районунда да кар түшкөндөн улам жайлоо башында калып калган койчулардын бирөө мал-жандыктары менен кыштоого түшүрүлүп, дагы үчөө күрткүдөн аман-эсен жакага өткөн. Ой-Кайың жайлоосунда мал жандыктары менен калып калган алты малчыга дагы жол ачылды.
Чабандарды куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Ички иштер министрлигинин, тез жардам кызматынын, ветеринардык станциянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылууда. (ErN)