Ноокат районунун айылдарында жана Ноокат шаарында жарандардын телефонун, дүкөндөрдөгү акчаларын жана мечиттердеги буюмдарды уурдап жүргөн жеринен Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган адам аталган аймакта кеминде тогуз уурулук фактысы боюнча шек саналууда. Ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын, Баткен жана Ысык-Көл облусунун аймактарында дагы ушундай эле уурулук кылып жүргөнү аныкталган.
Жогорудагы фактылар боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)