Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

КСДП кеңсесинен компьютерлерди алып кеткен аскердик прокуратурадан түшүндүрмө алды


КСДП кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» ишканасы.
КСДП кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» ишканасы.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутат Асел Кодуранова төрайымдык кылган бөлүгүнүн мүчөлөрү өздөрүнүн кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» ишканасынан компьютерлердин, документтердин алынышы боюнча аскердик прокуратурадан маалымат алды. Бул тууралуу Кодуранова өзү аталган мекемеге кирип чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, аскердик прокуратура чараны Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде жүргүзгөнүн билдирген. Мекеме ошондой эле бөлмөлөрдүн сыртында КСДП деп жазылбагандыктан кызматкерлер компьютерлер «Медиа Форум» ишканасына караштуу деп эсептешкенин тактап берген.

Бүгүн партиянын өкүлдөрү аскердик прокуратуранын алдына чогулуп, алардын кызматкерлери 12-сентябрда кеңседен компьютерлерди, документтерди мыйзамсыз алып чыгып кетишкени тууралуу даттанып жатышкан. Алар ошондой эле өздөрүнүн кеңсесия жайгашкан «Медиа Форум» ишканасын камактан чыгарууну талап кылышты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин, 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. «Медиа Форум» ишканасында Атамбаевге ыктаган КСДПнын кеңсеси жайгашчу.

КСДПнын башка бөлүгүндө Сагынбек Абдрахманов төрагалык кылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG