Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Мелис Аспеков Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн текшерүүнү талап кылды


Мелис Аспеков жана Чыныбай Турсунбеков.
Мелис Аспеков жана Чыныбай Турсунбеков.

Жарандык активист Мелис Аспеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн, фирмаларын, киреше-чыгашаларын текшерүүнү талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Аспеков өзү билдирди.

- Турсунбеков Бишкектеги арак заводун жасалма банкрот кылып, арзан баада менчиктештирип алган. Биринчи кезекте ушуну текшерүүнү талап кылам. Прокуратурадан «Акыл инвест» банкы, салыктарды төлөбөй жатканы боюнча да дыкат иликтөөнү талап кылдым. Себеби, бул кишиде эбегейсиз байлык болуп жатат, - деди ал.

«Азаттыктын» «Саясаттагы ишкерлердин ичинен эмне үчүн Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн текшерүүнү талап кылып жатасыз?» деген суроосуна Аспеков башка саясатчылардын да байлыгы тууралуу маселе көтөрүп жатканын, Турсунбековдун киреше-чыгашалары күмөн санатып жатканын айтты. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында 35 коррупционер тууралуу айтканын эстеп, азыркы мамлекет башчынын иш мөөнөтүндө эки гана кишиге «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен иш козголгонун белгиледи.

Экс-спикер, депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 13-сентябрдагы жыйынында Аспековдун билдирүүсү боюнча атайын билдирүү жасап, аны «шантаж кылып жатат» деп айыптады. Эл өкүлү жарандык активист мурда келип андан акча сураганын, ал бербей койгондон кийин ушундай ыкмага өткөнүн айтты.

«Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков 2017-жылы «массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деген негизде камакка алынып, кийин кайра чыккан. Ал андан мурдараак таксистти тапанча менен коркуткан деген айып менен төрт жылга кесилген. Аспеков бул айыптоолордун баарын төгүндөп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG