Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Украин президенти АКШга аскердик жардамы үчүн алкыш айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украин президенти Владимир Зеленский АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трампка 250 миллион доллар аскердик жардам бергени үчүн рахмат айтты. Каражат негизинен орусиячыл жикчилдерге каршы беш жылдан бери күрөшүп келе жаткан армияны машыктырууга, жабдууга жумшалмакчы.

Жума күнү Зеленский Киевдеги жыйында Вашингтонду «маанилүү стратегиялык өнөктөш» деп атады.

Өткөн аптада Ак үй аскердик жардамды кайра карап чыгарын жарыялап, Конгресстин жактырганына карабай акчаны берүүнү кечеңдеткен. Трамп администрациясынын мындай позициясын айрымдар коррупция коркунучуна байланыштырган.

Зеленский Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулаш үчүн ушул айда Трамп менен жолугарын айтты.

XS
SM
MD
LG