Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Жалал-Абадда жапырт мушташтан жабыркаган жигит каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарындагы «Дина» аттуу эс алуу жайындагы топтошкон мушташтан жабыркап, төрт күндөн бери эсине келе албай жаткан Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну Мунарбек Бекишев каза болду. Бул тууралуу маалымат Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алынды.

Дарыгерлер анын мээси жабыркап, башына кан уюп калганын билдирип, абалын өтө оор деп аныкташкан.

Окуяда жабыркаган эки бала Базар-Коргон райондук ооруканасына орто жараат алып кайрылган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, шаардык милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Окуяга байланыштуу шек саналган Сузак районунун 21 жаштардагы төрт тургуну кармалып, эки айга камакка алынды. Мунарбек Бекишев бир топ жылдан бери Казакстанда ата-энеси менен кошо иштеген. Өткөн жумада досунун үйлөнүү тоюна келип, 10-сентябрь күнү ата-энесинин жанына кайтмак. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG