Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Разаков: Керкиданды алмаштырууда Кыргызстан утулган жок (видео)


Коллажда Жеңиш Разаков жана Кыргызстан башка тилке үчүн Өзбекстанга толук өткөрүп берген Керкидан суу сактагычы. Суу сактагычтын сүрөтү Google картадан алынды.
Коллажда Жеңиш Разаков жана Кыргызстан башка тилке үчүн Өзбекстанга толук өткөрүп берген Керкидан суу сактагычы. Суу сактагычтын сүрөтү Google картадан алынды.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүндө кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын аянты Өзбекстан менен алмашылганы тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал сөз болуп жаткан жагдай боюнча өкмөттүн буга чейинки билдирүүсүндөгү маалыматтарды кайталап, жерди алмашууда Кыргызстан уттурбаганын билдирди.

- 1962-1964-1970-жылдары Кыргыз ССРнин Министрлер кеңешинин токтому менен Керкидан суу сактагычына деп Араван районунун эсебинен жер бөлүнгөн. Бул суу сактагычты Өзбекстан өзүнүн каражатына курган. Ошондогу протоколдордун эсебинен 1041 гектар жерди Өзбекстан бизге компенсация катары бериш керек болгон. 1972-жылы Өзбекстан Кува районунун эсебинен 628 гектар жерди Араван районуна өткөрүп берген. Бул маселе ошондон бери токтоп калган. Азыр ал ордунан жылып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болуп жатканы жакшы нерсе. Башкача айтканда, биз ошол калган 413 гектардын ордуна компенсация алып жатабыз. Анын ордуна алынган жер тилкелери Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Мына Полигон тилкесин алсак, Оштон Араванга кетип жатканда зым торлор жолдун четине чейин келип калганын билесиздер. Эми ал жерден чек ара тилкеси арыраак жылат, балким ал жерге элибиз жайгашат же оокат кылат. Андан сырткары Баткенден Кайрак, Аксыдагы Дейрес деген жер жол инфратүзүмүнө байланыштуу тилкелер болуп саналат. Негизинен маселе оңунан чечилгенине эл ыраазы. Биз бул маселеде Кыргызстан утулду деп айта албайбыз, - деди Разаков.

Мунун алдында өкмөт Өзбекстандын башка жер тилкесине алмаштырылган Аравандын Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын тагдыры тууралуу кенен маалымат тараткан. Анда да суу сактагычка жер СССРдин тушунда берилгенин, калып кеткен 413 гектар жердин ордуна коңшу өлкө Араванга, Баткенге, Аксыга жер бермекчи болгонун билдирген.

Соңку келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 2017-жылдын 5-сентябрында кабыл алынганы кабарланды.

10-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, пикир келишпестик чыккан. Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор Интернетте тарап жатты. Мындан кийин жергиликтүү бийлик, аталган жер Өзбекстанга биротоло берилип, башка тилке алынганын айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG