Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Орус жана беларус аскерлери бир жумалык машыгуусун баштады


Орус жана беларус аскерлеринин «Батыш 2017» машыгуусу. Ленинград облусу. 17-сентябрь, 2017-жыл.
Орус жана беларус аскерлеринин «Батыш 2017» машыгуусу. Ленинград облусу. 17-сентябрь, 2017-жыл.

Орусия менен Беларустун куралдуу күчтөрү бир жумалык машыгуусун башташты. Нижний Новгород чөлкөмүндөгү иш-чарага 12 миң аскер жана 950 даана техника, ичинде согуштук оор машинелер, учактар менен тик учактар катышат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү кабарлады.

Беларустун Коргоо министрлиги кошуна өлкөгө 4 миң жоокер, 30дан көп танк, ракета аткыч, 15 чакты учак менен тик учак жөнөткөнүн маалымдады.

Август айында Беларустун Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командычысы генерал Олег Белоконев Европадагы кырдаалды курчутпаш үчүн машыгуу Евробиримдиктин чек арасынан алыс жерде өтөрүн айткан.

Эки өлкөнүн эки жылда бир өтчү аскердик машыгуулары Батыштын назарында болуп келет.

XS
SM
MD
LG