Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп менен америкалык «Patriot» ракеталык системасын сатып алуу боюнча сүйлөшөт. Бул тууралуу Эрдоган «Reuters» агенттигиндеги маегинде айтты.
Түркия Орусиядан зениттик-ракеталык комплекс сатып алганына байланыштуу Анкара менен Вашингтондун мамилесинде кризис жаралган. Эрдоган бул жагдай Трамп менен өз ара түшүнүшүү аркылуу чечилет деп ишенерин билдирди.
Эки лидер эмки жумада Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында жолугушары күтүлүүдө.
Түркиянын Коргоо министрлиги С-400 зениттик-ракеталык комплексинин бир бөлүгү Орусиядан 12-июлда алынып келгенин, калганы жакынкы күндөрү жеткирилерин маалымдаган.
Бул келишим - Вашингтон менен Анкаранын мамилесин чыңалткан негизги маселелердин бири. Кошмо Штаттар буга чейин НАТОдогу өнөктөшү Түркияны С-400 боюнча келишимден 31-июлга чейин баш тартышы керек экенин билдирип келген.
АКШ менен Түркиянын президенттери июнда Осакадагы «Чоң жыйырманын» саммитинде жолукканда да Дональд Трамп Режеп Тайып Эрдоганды орусиялык куралдан баш тартууга үндөгөн.
Вашингтон орусиялык комплекстин ордуна америкалык «Patriot» ракеталык системасын сатып алууга чакырып келет.