Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Күрөш чемпионаты: Тынар Шаршенбеков алгачкы беттеште жеңди


Тынар Шаршенбеков кызыл кийимде.
Тынар Шаршенбеков кызыл кийимде.

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңди. Ал 63 килограммга чейинки салмакта болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Эми жапониялык балбан Шиноби Ота менен беттешет.

Чемпионат Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда. Буга чейин Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) алгачкы беттештеринде жеңилип калышты.

Кыргызстандан баргандардын арасында Каныбек Жолчубеков, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова ж.б. бар. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет. (GT)

XS
SM
MD
LG